ИТ ЫРКЫРАК КЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бөлүп-жарып араздаштыруу, ыркын, ынтымагын кетирүү, эличин бузуу. Билермандарынан калыстык кетип, эл ичин ит ыркырак кылып турушкан кезде Токтогул атайын кыргыз-кыпчак эли деп журттун жалпы наамын которуп, улуттун улут катары биримдигин үндөп, байыркы өткөн саналуу адамдарын дастан кылып жайды (Касымбеков).